UFC 254: Дүйнөгө белгилүү адамдар Хабиб Нурмагомедовдун жеңиши жана карьерасын жыйынтыкташына кандай реакция кылышты? (топтомдор)

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун жеңилбес чемпиону катары карьерасын жыйынтыктады. Анын мындай күтүлбөгөн чечимине бүт дүйнө жүзү реакция кылды. Бул ирет сиздер үчүн дүйнөгө белгилүү адамдардын Хабиб Нурмагомедовдун карьерасын жыйынтыкташына байланыштуу жазган билдирүүлөрүн топтодук.

UFC уюмунун жеңил жана орто жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор биринчилерден болуп реакция кылды.

"Мыкты беттеш. Сага дагы бир ирет сени сыйлаарымды айтып, атаңдын бул дүйнөдөн өтүп кеткендигине байланыштуу сага жана үй-бүлөңө көңүл айтам. Урматтоо менен Макгрегорлор", - деп жазган Макгрегор социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилүү филиппиндик мушкер Менни Пакьяо: "Хабибди мыкты жеңиши жана карьерасы менен куттуктайм. Карьерасын жыйынтыктаганын көрүү мен үчүн сыймык болду. Респект!".

"29-0, карьерадагы эң мыкты көрсөткүчтөн кийин, спорттон кетүү. Дагы эмнени кыялдансаңыз болот? Укмуш. Бул мыкты мушташ жана мыкты карьера болду", - деп жазган UFC уюмунун жеңил жана орто жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, канадалык мушкер Жорж Сен-Пьер.

"UFC тарыхындагы эң улуу чемпионду куттуктайм. Эмне деген карьера? Сен менен өткөргөн убактым үчүн мен сага ыраазычылыгымды билдирем, иним. 29:0. Унутулгус жана жеңилбес мушкер", - деп жазган UFC уюмунун оор салмактагы мурдагы чемпиону, америкалык мушкер Дэниель Кормье.

Футболчу Криштиану Роналду:"Куттуктайм досум! Атаң сени менен сыймыктанат".

Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов дагы куттуктоо жазып, Хабиб менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады: “Жеңиш кут болсун! Эркек! Сен атанын чыныгы уулусуң".

Мындан тышкары, Хабиб Нурмагомедов менен түшкөн сүрөттөрүн теннисчилер Новак Жокович, Карен Хачанов жана Рейли Опелка дагы жарыялады. Ал эми хоккейчи Евгений Малкин: “29-0. Бул сан баарын айтып турат" деп жазып калтырган.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
voennyi88
2020-10-26 21:59:04
Хабиб 29 бой жалан жениш. А биздин элдики 29 жыл женилуу 1 жениш.
+16
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан