Бишкекте жарылуудан каза тапкандардын аты-жөнү такталды

Бишкекте эмерек чыгарган ишканадагы жарылуудан каза тапкандардын аты-жөнү такталды. ИИМдин билдиришинче, алар: 1970-жылы туулган аталган цехтин жумушчусу Виталий Пригожин жана 1972-жылы туулган ишкананын эсепчиси Виктория Щеткина. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-сентябрда Лев Толстой - Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги ишканада жарылуу болгон. Кырсык жардыргыч заттан болушу мүмкүн экенин аталган министрлик кабарлаган эле. Учурда ал жерде тийиштүү орган кызматкерлери текшерүү жүргүзүп жатат.  

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TasmaOSH
2013-09-25 14:53:04
Жарылууга эмне себеп болду экен
0
acer11
2013-09-25 15:01:18
TasmaOSH, себеби ар кыл божомол.
0
Wolf_ero
2013-09-25 16:19:08
Мына сага жанылык
0
uluk1982
2013-09-26 04:49:26
гранатаны кайдан алды экен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан