АКШдагы президенттик шайлоого 59 миллиондон ашуун адам мөөнөтүнөн мурда добуш берди

АКШдагы президенттик шайлоодо 59 миллиондон ашуун адам мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Техас шайлоочулардын саны боюнча лидер штат бойдон калууда, ал жакта 7 миллион 193 миң америкалык жаран мөөнөтүнөн мурда добуш берген.

"Кийинки орунда Калифорния 6 миллион 500 миң, андан кийин Флорида 5 миллион 722 миң жана Түндүк Каролина штаты 3 миллион 100 миң адам мөөнөтүнөн мурда добуш берген.

Жоржия, Мичиган, Виржиния, Иллинойс, Огайо, Пенсильвания, Теннеси, Нью-Джерси, Аризона, Колорадо, Вашингтон, Миннесота, Массачусетс штаттарында өз тандоосун мөөнөтүнөн мурда жасагандардын саны миллиондон ашты", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле 24-октябрда учурдагы президент Дональд Трамп да Флорида штатындагы Уэст-Палм-Бич шаардык китепканасында мөөнөтүнөн мурда добуш берген. Ал коронавирус менен ооруп айыкканынан улам ушундай кадамга барганын айтып, журналисттердин суроолоруна: "Мен Трамп аттуу жигитке добуш бердим", - деген тамашалуу жообун узаткан.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Ага Дональд Трамп менен Жо Байден ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2020-10-27 00:45:18
Буларда 2 эле адам ат салат экен а биздикинен баш айланатт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан