5-12-ноябрь күндөрү Индиянын Калькутта шаарында эң байыркы жана ири делген Калькутта эл аралык кинофестивалы өтөт. Аталган иш-чарага Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган "Шамбала" тасмасы катышат.
Кыргызфильмдин маалыматына ылайык, толук метраждуу "Шамбала" тасмасы сынактык бөлүктө көрсөтүлөт.
"Шамбала" тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак-Кеме" повестинин негизинде тартылган.