"Манас" аэропортуна жакын жерде унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 26-октябрда саат 23:00дө болгон. Анда айдоочу Subaru Legacy унаасы менен Бишкекти көздөй келе жаткан учурда рулду башкара албай, мамыны сүзгөн. Натыйжада унаа күйүп кеткен. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан жок.