Бишкекте ичине курал-жарак салынган баштыктар табылды

Бишкекте ичине курал-жарак салынган баштык табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 25-сентябрда билдирди. 23-сентябрь күнү Жал кичи районундагы №35-үйдүн жанындагы арыктан кара баштык табылган. Баштыкты текшерүү учурунда ичинен Калашников үлгүсүндөгү автоматтын октору жана белгисиз маркадагы жардыргыч зат табылды. Дагы бир шектүү мүшөк 24-сентябрь күнү Ибраимов көчөсүндөгү №26-үйдүн жанынан табылганын билдирет Бишкек ШИИББи. Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
future_kg
2013-09-25 18:36:50
Оппозиция же бакиев таштады? ))
0
Aviator
2013-09-25 22:23:10
Кече куну кочодо бир ит олуп жатыптыр. Коргондор Бакиев сузуп кетти деп айтышууда.
+1
nurik0391
2013-09-25 23:28:55
Aviator,ха-ха-ха)))))))))
0
uluk1982
2013-09-26 04:30:31
Aviator, ))))))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан