Ош шаарында көп кабаттуу турак үйдө өрт чыгып, жашоочулары эвакуацияланды (фото)

Ош шаарында көп кабаттуу турак үйдө өрт чыгып, жашоочулары эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-октябрда Ош шаарынын Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрт өчүрүүчүлөр саат 14:06да тартылган. Мындан сырткары саат 14:33тө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жана Ош шаардык Куткаруу кызматы тартылган. Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursiyanur
2020-10-27 15:25:51
Азамат жездебиз журотко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан