Бишкекте жол тандабасты жасалма номер менен айдап жүргөн айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматы жасалма номер менен айдап жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Бүгүн, 27-октябрда милициянын кайгуул кызматы бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 11:50 чамасында Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номери шек жараткандыктан унааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда А.В. аттуу айдоочу өзүнүн унаасын жасалма номер менен айдап жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочусу Свердлов РИИБинин ыкчам тобуна өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан