Beeline жаңы 4GLTE базалык станцияларын ишке киргизүү менен Кыргызстан боюнча байланыш сапатын жогорулатуу боюнча ишин улантууда. Ошентип оператор өз абоненттерин жогорку ылдамдыктагы интернет жана жогорку сапаттагы үн кызматтары менен камсыз кылып, алардын колдонуучулук тажрыйбасын бир нече эсе жакшыртат.
Өлкөдөгү кыйын шарттарга карабастан Beeline абоненттерин үзгүлтүксүз, сапаттуу байланыш менен камсыздоону жана тейлөө аймагын мүмкүн болушунча кеӊейтүүнү эӊ негизги максаты катары коёт.
Абоненттерди тейлөө сапатын дагы да жогорулатуу максатында октябрь айында компания өлкө боюнча 215 кошумча 4GLTE базалык станцияларын орнотту:
2020-жылдын башынан тарта өлкө боюнча жалпысынан 400дөн ашуун жаңы 4GLTE станциялары ишке киргизилди. Beeline тармагынын толук 4G/3G/2G картасы beeline.kg сайтында жеткиликтүү.
Жаңы станцияларды куруудан тышкары Beeline’дын техникалык адистери тармакты ар дайым көзөмөлдөп турушат жана мүмкүн болгон кемчиликтер жөнүндө билдирүүлөргө заматта жооп берип, аларды тез арада четтетишет жана кандай шартта болбосун телекоммуникациялык жабдыктардын сапаттуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылышат.
Beeline: Сизге жана сиздин жакындарыңызга кам көрүү менен!