Жалал-Абадда 53 жаштагы аялды коркутуп, 100 миң сом талап кылган адам кармалды

Жалал-Абад облусунда 53 жаштагы аялды коркутуп, андан 100 миң сом талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Милицияга 53 жаштагы аял арыз менен кайрылып, анда Айбек аттуу бала коркутуп 100 миң сом талап кылып жатканын айтыптыр. Көп өтпөй кылмышка шектелип Сузак районунун 31 жаштагы тургуну аялдан 90 миң сом акчаны алып жаткан жеринен колго түштү. Кармалган жаран бул ишти агасы уюштурганын айтууда. Учурда экөө тең кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azamatnur
2013-09-25 20:47:45
Оло баатырсынар го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан