Оштун "Алай" клубунун ганалык оюнчусу клуб менен коштошту

2020-жылдагы Кыргыз өлкөсүнүн кубогунун ээси, Оштун "Алай" футболдук клубунун ганалык жарым коргоочусу Келвин Инкум клуб менен коштошту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Нуристан Марат уулу билдирди.

"Келвин Инкум менен түзүлгөн келишим 2020-жылдын аягына чейин болчу. Азырынча Инкумдун кайсы клуб менен келишим түзөрү тууралуу маалыматыбыз жок. Ал Кыргыз өлкөсүндөгү клубдар менен деле келишим түзүшү мүмкүн. Ал эми биздин клубдун аны менен келишимди узартуу тууралуу планда жок", - деди ал.

28 жаштагы Келвин Инкум "Алай" клубунун катарында 2018-жылдан бери ойноп келет. Ал быйылкы өлкө кубогунун финалындагы канттык "Абдыш-Ата" клубу менен болгон оюнда гол жаратып, беттештин мыкты оюнчусу аталган.

"Алай" клубунда мындан тышкары дагы 2 легионер оюнчу бар. Алар Жоэль Кожо жана Лоуренс Тавиа. Бул эки футболчу тең көзгө толумдуу оюну менен "Алай" клубунун катарында ийгиликтерди жаратып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан