Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжи менен боло турган беттешке чейин бутунан алган жаракатынын сүрөтүн көрсөттү

UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжи менен боло турган беттешке чейин бутунан жаракат алып калган сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, биринчи сүрөт 7-октябрда тартылган рентген сүрөт болсо, экинчи сүрөт 8-октябрда ошол эле жаракат алган буту сыртынан тартылган.

Буга чейин UFC уюмунун президенти Дана Уайт Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжи менен боло турган беттешке үч жума калганда бутун сындырып алып, эч кимге айтпай дарыланып чыккандыгын айтып таң калган.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alixan-Nookat.2015
2020-10-27 17:23:44
Кичинекей баланын бутуна окшош экен, бутуда назик көрүнөт экен
-1
alym21
2020-10-27 17:27:18
Тошун тук баскан Хабибтин бутунда тук жокко)))
+6
bond02
2020-10-27 20:20:25
Кайсы соогуно жазып коюптур Хабибдин буту деп?
-4
Ayana123
2020-10-27 22:00:43
Бул бөбөктүн буту окшойт го. Биринчи сүрөттө(мушташып жатканда) буттун экинчи манжасы узун экен. А беркисинде андай эмес, баласынын буту болсо керек да
+7
boris8907
2020-10-28 12:52:18
Бул анын буту эмес бойдогу сүрөттө манжалары узун экен
0
Tima7
2020-10-28 14:33:44
ушул Хабиб да кыйын бала экен
0
Nina.alex
2020-10-29 13:05:54
Ой боорум ай. Кичинекей бут ко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан