Баткен облусунун Кадамжай районунда түнкү мезгилде уурулук жасап жүргөн 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү саат 04:00 чамасында белгисиз адамдар Кадамжай шаарындагы Заречная көчөсүндө жайгашкан "Тез татым" буткасынын ичине кирип, тамак-аштарды, буюмдарды уурдап кетишкен. Мындан сырткары ушул эле түнү коңшулаш жайгашкан "Магазин женской одежды" дүкөнүнө белгисиз адамдар кирип, дүкөндүн ичиндеги сатыкта турган товарларды уурдап кетишкен. Натыйжада жабырлануучуга 28 миң 800 сомдук чыгым келтирилген. Жогорудагы бул фактылар Кадамжай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук өндүрүш иши башталган.
Кадамжай РИИБинин ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай районунун Тамаша айылынын 16 жаштагы Т.Н. жана Кадамжай шаарынын 11 жаштагы М.Р. аттуу тургуну Кадамжай шаарындагы батирлердин биринде жашап жаткан жеринен кармалды. Уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарып берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.