ИИМ: "9 ай ичинде өспүрүмдөр арасында 72 өзүнө-өзү кол салуу фактысы катталган"

2020-жылдын 9 ай ичинде жашы жете электердин арасында 72 өзүнө-өзү кол салуу фактысы катталган. Алардын ичинен 51и бала болсо, 21и кыз. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзүнө-өзү кол салууга балдардын көйгөйлөрүнө улуулардын көңүл кош мамилеси, анын ичинде баланын аң-сезимине оор таасир берген үй-бүлөлүк чыр-чатактар түрткү болууда.

Ошондой эле республиканын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн алдын алуу каттоосунда 1 миң 523 өспүрүм каттоого алынып, жашоо тиричилиги оор 410 үй-бүлө каттоого алынган. Алдын алуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 5 миң 12 жашы жете элек өспүрүм ар кандай бөлүмдөргө, анын ичинен ИИМдин жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунда 838, социалдык кызматтарга жана балдар үйүнө 403 бала жеткирилген.

"Отчёттук аралыкта социалдык коргоо башкармалыгына жашы жете электер менен ата-энелерине карата 2 миң 751 материал жөнөтүлүп, 2 миң 67 материал каралып, 262 балдарды коргоо планы түзүлүп, 95 жашы жете элек балдар үйүнө, 75 социалдык мекемелерге жөнөтүлүп, тарбиялоо мүнөзүндөгү 1 миң 603 ар кандай чаралар көрүлгөн. Сотко ата-энелик укугунан ажыратуу жөнүндө 26 материал жөнөтүлүп, 7 факты боюнча сот чечим чыгарган", - деп жазылат билдирүүдө.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук жайлар, базарлар, короолор, оюн-зоок мекемелер текшерүүгө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан