Араванда аялдын дээрлик жарым миллион сомун уурдаганга шектелип аял киши кармалды

Ош облусунун Араван районунда ири өлчөмдөгү акча каражаты жана алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-август күнү Араван районуна караштуу Юсупова айыл аймагынын тургуну жеке ишкер 1978-жылы туулган Д.С. арыз менен кайрылган.

Анда 2020-жылдын 14-август күнү болжол менен саат 14:15 чамасында аталган айылда дүкөндүн ичинде өзү колдонуп жүрчү кара түстөгү булгаары сумкасынын ичиндеги жарым миллион сомдук алтын зер буюмдарын белгисиз адамдар дал ошондой окшош сумка алып келип турган жеринен алмаштырып, уурдап белгисиз тарапка изин суутуп качып кетишкен.

Аталган окуя Араван РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында Араван РИИБинин өздүк курамы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде шектүү катары Ош шаарынын тургуну 41 жаштагы Т.М. кармалып, өндүрүштөгү сотко чейинки иш соттук кароого жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kgkgoshkg
2020-10-27 18:01:06
огоо круто
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан