UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедов эч кандай салмак категориясына карабастан UFC уюмундагы мыкты мушкерлердин сап башына чыкты. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бул менин бүт өмүрүмдүн иши жана мен оңой менен мындай көрсөткүчкө жеткен жокмун. Талыкпаган эмгек, Аллахка үмүт жана сабырдуулук. Ушул 3 сапат мага ийгиликке жетүүгө жардам берди. Анан, албетте, мага көп убакыт жана эмгек жумшаган атамдын туруктуу көзөмөлү жана кеңештери менен жеттим", - деп жазды Нурмагомедов.
Ал эми UFC уюмунун расмий сайтына жаңы рейтинг жеткиликтүү болбой жатат. Мурдагы рейтингде Нурмагомедов америкалык мушкер Жон Жонстон кийин экинчи орунда болчу.
24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.