Бишкекте 2012-жылы болгон адам өлтүрүү кылмышына тиешеси бар деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Былтыр 12-сентябрь күнү Тынчтык проспектиндеги үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп каза тапкан адамдын денеси табылган. Бул факты боюнча Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан көп өтпөй аталган кылмышка шектелип, Арча-Бешик конушунун 36 жаштагы А.М. аттуу тургуну кармалган эле. Белгилүү болгондой, ал кылмышты жалгыз жасабаптыр. Кийинчерээк 33 жаштагы Байтик айылынын тургуну кармалса, жакында кылмышка шектүү М.К. аттуу жаран Орусиядан келген учурда колго түштү.