Оштогу көп кабаттуу үйдөгү өрттүн себеби айтылды. Кырсыктан бир аял жана бир эркек жабыркады

Оштогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен жаракат алган 2 адам иске ууланып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, жабыркагандардын бири аял, бири эркек. Экөө тең 1968-жылы туулган. Алар иске ууланып, ооруканага жаткырылган, абалдары туруктуу.

27-октябрда Ош шаарындагы Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан өрт чыгып, саат 15:34тө толук өчүрүлгөн. Өрт чыккан аймактан 25 жаш бала куткарылып, 35 адам эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен батирдин 26 чарчы метр аянты күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 3 өрт өчүрүү бөлүм, 1 автошаты, башкармалыктын жана ККББнын ыкчам топтору, Куткаруу кызматынан 3 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары "Тез жардам" кызматынан 5 бригада, ИИМден 40 кызматкер, РЭТ мекемесинен 1 бригада, шаардык суу канал ишканасынан 3 кызматкер тартылды.

Өрттүн себеби жаш балдардын от менен болгон шоктугу. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан