Бишкектин Ак-Өргө конушундагы Ашар көчөсүндөгү №35 "Ай-Тилек" менчик балдар бакчасынын от жагуучу бөлмөсүндө от жагуучу меш жарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1999-жылы туулган эркек киши бутунан жана жамбашынан күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.