Бишкектеги жардыруу: "Цехтин жумушчусу эсепчинин бөлмөсүнө жардыргыч зат көтөрүп кирген" деген божомол айтылууда

Бүгүн, 25-сентябрь Бишкекте ишканалардын бириндеги жардыруунун болжолдуу жыйынтыктары айтылууда. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, цехтин жумушчусу Виталий Пригожин менен эсепчи Виктория Щетининанын ортосунда чыр чыккан. Окуянын астында Пригожин эсепчинин иш бөлмөсүнө киргенде ичинде бир кызматкер кыз болгон. Пригожин андан сыртка чыгып туруусун суранган. Кыз сыртка чыгып кеткенде жардыруу болгон. Мындан улам Пригожин өзү менен кошо жардыргыч зат алып кирген деген божомол айтылууда. Азырынча жардыруунун себептери так аныктала элек. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан