Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында вице-премьер-министрликке Эльвира Сурабалдиеванын, ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги каралууда.
Жыйын учурунда депутат Үмбеталы Кыдыралиев Эльвира Сурабалдиевага кайрылып, анын айткан жаштардын революциясы деген сөзүнө түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.
"Жаштардын революциясы деп эле атасыңар, аны кандай түшүнсө болот? Бул тууралуу толук түшүндүрмө бериңиз", - деди депутат.
Анда Сурабалдиева: "Кайталап кетейин, 5-октябрда Жогорку Кеңештин шайлоо натыйжасына ачуусу келип, одоно мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоо болду деп борбордук аянтка 20 миңдей жарандарыбыз топтолушту. Ошондо партия жетекчилери чогулуп, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деген талап менен чыгышты жана алардын арасында мен да бар болчумун. Эмнеге жаштар десем, анткени ал жердеги катышкандардын көпчүлүгү жаштар болду, жараат алгандардын дагы көпчүлүгү жаштар болуп калды", - деди Сурабалдиева.
Кыдыралиев Эльвира Сурабалдиевага "Сиз 5-октябрда Кыргыз өлкөсүндө революция болду деп ойлойсузбу?" деген да кошумча суроо узатты.
"Ооба, мен революция болду деп ойлойм. Натыйжасында Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды", - деп жооп узатты Сурабалдиева.
Ал эми Кыдыралиевдин пикиринде, ар дайым жаштар дей берүү туура эмес. Ал билдиргендей, ар бир саясий партияда жаштарга бөлүнгөн атайын квота бар жана өлкөдө жаштарды эч ким чектеген эмес.
"Кыргыз өлкөсүндө жаштардын укугун эч ким чектеген эмес, бул боюнча Баш мыйзамда жазылган. Сиз жаш, эмоционалдуу саясатчы катары көп нерсени билбейсиз, керек болсо ушул жаштар деген проекттин артында чоң чет өлкөлүк державалар бар. Алар өлкөнүн саясий стабилдүүлүгүнө коркунуч алып келип жатат, сиз ошону билесизби? Силер жаштар деген лозунгдарды көтөрүп жүрө бересиңерби, кичине жоопкерчилик деген болуш керек да! Мына Ак Үйдү өрттөп кеттиңер, эми революция деп атасыңар, мына биз азыр иш бөлмөлөрүбүз жок, толук кандуу иштей албай жатабыз, ушул жакшы нерсе болдубу?", - деди Кыдыралиев.