"Ачкачылык кармоону токтотту". Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ден №47 абакка которулду

Бүгүн, 28-октябрда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ден №47 абакка которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу Атамбаевдин мындан үч күн мурун баштаган ачкачылык жарыялоо акциясын токтотконун айтты.

"Алмазбек Шаршенович башка абакка которулду. Буга байланыштуу ал ачкачылыгын токтотту. Бирок ден соолугу дагы деле дарыланууну талап кылган абалда турат", - дейт жактоочу.

Белгилей кетсек, 26-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге которулганына байланыштуу ачкачылык жарыялаганы маалымдалган.


Күндүн жанылыктары: Садыр Жапаров баш болгон өкмөт өкүлдөрү ант беришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Invests
2020-10-28 17:46:58
Ушул алкаш тойгозду түрмөгө кирсе ооруп калат. Чыгып алып аттай журдуго митингде.
+1
Mirzita81
2020-10-28 18:01:31
Осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт болуп мынча доолу шаршенович . Уялбастан кайсы кылган жакшы иштерине ачаарчылык кармат атат болду экен . Кыргызстанды карызга беляеден батырып дагы уялбастан догурунат
0
samarbek.88
2020-10-28 20:24:46
баарибир кылмышкерго каалаган жерге камагыла алкашты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан