Кытайдын Цзянси провинциясында кичинекей эки кыз кир жуугуч машинанын ичине түшүп кетип каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялашты. 2 жана 3 жаштагы бир туугандар үйдө турган кир жуугуч машинаны иштетип ичине кирип алышкан. Кыздардын ата-энеси үйдөн көрүнбөй калган кыздарын сыртта ойноп жүрөт деп ойлошкон. Бир нече убактан кийин атасы балкондо турган кир машина иштеп жатканынын байкап, ичин ачканда кыздары канга боёлуп калганын көрүптүр. Учурда Кытайда социалдык тармактарда бул тема катуу талкууланып, кыздарына көңүл бурган эмес деп ата-энеси айыпталууда. Айрымдар кир жуугуч машина кыздардын салмагы менен иштей албай турганын айтып жатканы кабарланды.