Поэтерапия: "Күч бар кезде биригип бир муштумга, курсак экен көпүрө кыргызыма!"

Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын коногу - таланттуу жаш акын Акбар Кубанычбеков. Ал 1992-жылы 22-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты. "Периштенин канаты", "Бир күн" ыр жыйнактарынын автору. Учурда КТРКда телеалпаруучу. Маданияттын мыкты кызматкери. 300гө жакын обондуу ырдын автору.

Адам деген көпүрө турмушуна,
Адам деген жөлөк да курбусуна.
Күч бар кезде биригип бир муштумга,
Курсак экен көпүрө КЫРГЫЗЫМА!

Сен өлбөйсүң артыңда изиң калса,
Сен жашайсың тарыхта ишиң калса,
Ташты талкан кыла бер сапарыңда,
Темир кессең мокобос мизиң барда.

Кээсине мээ, кээсине тилден берген,
Өлбөчүдөй өмүргө кимдер келген?
Билсең бул күн тутанып, тутанбаган,
Бүл-бүл оттун жарыгы бир ирмелген.

АДАМГА АДАМ КЕРЕК

Бул күндөр да өтүп кетер,

Кыйналган жандардын үнү жетер,

Баркын билбей бул жашоонун,

Жашадык заманда өзүм деген.

Бул сыноолор өтөт кетет,

Жамандын артынан жакшы келет,

Абалыңды сурай турган,

Бул күндө адамга адам керек.

Узак жолду улап келген,

Ар бир тан өзгөчө кубат берген,

Канча кыйын күн келсе да,

Адамбыз баарына чыдап келген.

Күндөн дагы суудан дагы,

Эң кымбат адамга адам керек.

Сабыр керек сынбай турган,

Жакшы күн бар али улай турган,

Жеңе алсын деп адамзатты,

Сыноолорду кудай сунган.

Адам жөлөк курбусуна,

Себепкер жаркыган турмушуна,

Кыйын күндөр бирге өтөт,

Таянып элдеги уул кызына,

Ынтымакта жеңе турган,

Кайрат бер, сабыр бер кыргызыма.

Бул обондуу ыр пандемия учурунда жазылган. Ал эми обону Султан Садыралиевге таандык. Пандемия мезгилинде адамга адам керек экен, сууңду, дарыңды алып бере турган жаныңда адам болуусу керек экен деген ойду берүү максатында ушул ырды жазгам. Мен негизи ырды жөн эле жаза бербейм, жашоомдо, жан дүйнөмдө болуп жаткан нерселерди алып жазганды жакшы көрөм.

ЖАЛГЫЗДЫК

Жүрөм шашып, байлык деп ылдам-ылдам,
Кимге керек билбеймин бул камылгам?
Эч нерсем жок кетемин бу жалгандан,
Келген өңдүү энемдин курсагынан.

Жалгыз жаткам энемдин карынында,
Жалгыз көрдүм дүйнөнүн жарыгын да.
Жаным учуп, жакындар коштошкондо,
Жана калам, жапжалгыз кабырымда...

Аттап кетпейт өткөнүм бир ирмемге,
Көп болсо экен жакшы иштер сүйүнгөнгө.
Эсеп-кысап жообун да жалгыз берем,
Кыяматта кайрадан тирилгенде.

Өзүң калган учурда өзүң менен,
Бир да жанды таппайсың көңүлгө тең.
Бейишке же тозокко чейин коштойт,
Бул жалгыздык берилген өмүр менен.

Эх жалгыздык, ар жандын башындагы,
Жалгызмын мен, жалгызмын. Азыр дагы.
Далай көрдүм көптөрдүн жарык таппай.
Түнгө сиңип кеткенин жашынганы.

Баарыбызда ушундай убайым бар.
Жакшы сапар соңунда ырайым бар.
Жалгыздыкты сезсем да өзүмдөгү,
Жүрөгүмдө жашаган Кудайым бар!

Менимче, бардык ырлардын эле жазылуу баяны, жаралуу тарыхы окшош болсо керек, адам кыйналып, ойлонуп, анан бир чыгарма жаралса керек. Бул ыр болсо карантин убагында жалгыздыкты билип, жалгыз дегенде эми жаныңда туугандарың, жакындарың бар, бирок мааниси ошол биз туулгандан баштап өткөнгө чейин жалгыз турбайбызбы деп окуп изилдеп анан ушундай өңүттө ыр жаралган.

КӨРДҮМ
Көп болду… Сапар улап жолго чыккам,
Күн менен кошо сызып ойлор учкан.
Көрүүгө кең дүйнөнү жүрөк менен,
Кыял жел, сезим сергек ойгонушкан.

Эне эле…
Эс албас эки мүнөт басып демин,
Эзилген жыты менен наристенин.
Эх чиркин, нечен наарды татсам дагы,
Эненин сүтү сыңар бал ичпедим.

Сүйүү эле…
Жалынга таштап дене күлү калган,
Жеңилген МЕН дегендер түрү балбан.
Отко даап кирип барып бир кезекте,
Оюндай туюп аны күйүп алгам.

Ый эле…
Ызага башын ийип туталанган,
Бактысын балээ басып тушап алган.
Аттиң ай, арман дүйнө, арсыз дүйнө,
Ыйы жок өткөн кана бу замандан.

Үй эле…
Жаркырап периштелер шаң кураган,
Жан болбойт кирген кезде балкыбаган.
Бирок да кээ бир үйлөр асман тирейт,
Мээримсиз бош бөлмөлөр аңгыраган.

Шаар эле…
Түнкүсүн күндүзгүдөй жарыгы бар,
Адамды тез өзгөртчү агымы шар,
Үйүңө жеткизгенге даяр турат,
Өмүрдөн башка сатчу баардыгы бар.

Ит эле…
Ырылдап үрүп тоскон улагадан,
Жакшы кеп козгосоң эч ынабаган.
Итке не кеп козгойт деп ойлобогун,
Ичи ит үрүп тоскон бирок адам.

Чоң эле…
Бирөөсү иштейт чындап калкын уга,
Бирөөсү оозун ачса бал чыгууда.
Бирок бир жегичтер бар арасында,
Батчудай бүт Кыргызстан алкымына.

Аалым…
Түнкүсүн китеп окуп көз ирмебей,
Сүйлөшкөн адам тандап өзүм дебей.
Аарылар бал топтосо, акыл топтоор,
Аалымды сүрөттөгө сөзүм кедей.

Оюмду жай алдырбай төрт бөлөсүң,
Токтолбой жыл кубалап өзгөрөсүң,
Зуулдаган мезгилиңди камчыланып,
Оо жашоо, дагы нени көрсөтүсүң???

Мен турмушта көп эле ушундай ыплас нерселерди көрүп келе жатам, бул ырда жашоо жакшы нерселерди көрсөтчү деген ойду камтыйт. Мунун чеги жок жаза берсе болот. Жашоодо биз акты, караны көрөбүз, барды-жокту көрөбүз дегендей ушул сыяктуу көрүнүштөр биздин жашоону толуктайт экен.

Мекеним, сага келдим!

Алоолонгонот болуп күйүш үчүн!
Азабыңды түбүнөн билиш үчүн.
Жетпесем да баркыңа, чанып кетпей,
Кандай болсоң ошондой сүйүш үчүн.

Мекеним, сага келдим!

Жамгырыңа чыланып суу болууга,
Душмандардын жолуна чуу коюга.
Келиш керек өзүңө ар бир кыргыз
Кыйын күндө кармаган туу колуна.

Мекеним сага келдим!

Кычыраган суугуңа тоңуш үчүн,
Кыргыз деген жүрөктө добуш үчүн.
Сен деп келген сапардан артка кайтпай,
Желегиңдин бир нуру болуш үчүн!

Бул жолумда чаалыгып, чарчабаймын,
Аманатың талаага таштабаймын.
Сөз беремин күн-түнү кызмат кылып,
Ар ишимди "аттиң" деп баштабаймын.

Ар бир кыргыз
Туулуш керек, акыйкат кураганы,
Куу, шумпайдын өчсүн деп кур амалы.
Эбегейсиз өзүңдү сүйгөн үчүн,
Келдим сага баарына чыдаганы!

Канчалаган душманды баскандырсың,
Кайгы ээрчитип санаага баткандырсың...
Сенде билем миллион мендей жан бар,
Эхх, Кыргызстан, сен менде, жапжалгызсың!!!

Мен мекен үчүн туулдум, кыргыз элим үчүн туулдум деп жазылган. Ар бир кыргыз бул жашоого жөн эле келбейт, эл-жер үчүн пайда кылайын деп келет деген ниетте жазылган.

БИР КҮН
Бир күн келет сени ааламга жетелеп,
Бир күн берет бакытыңды эселеп.
Бүтөлгөндөй туш тарабың сезилип,
Бир күн өтөөр тагдырыңды жемелеп.

Бир күн сызып, самолёттой барат шуу,
Бир күн учуп, кайрылбаган канаттуу.
Бирдей нукка түшкөн кезде баардыгы,
Бир күн келип жан дүйнөңө салат чуу.

Бир күн келет таалайыңа кошуп шаң,
Бир күн менен эки жүрөк кошулган.
Бал сыяктуу ширин ууну жуттуруп,
Бир күн бөлөт ажырашпас досуңдан.

Бир күн мезгил, канат күүлөп учкан ат,
Бир жыл күткөн бала жытын жыттатат.
Билинбеген бакыт даамын таттырып,
Бир күн өтүп, өмүр аздан кыскарат.

Бир күн келет ажал сурап атаңды,
Бир күн келет өлүм тооруп апаңды.
Болсо болоор… бирок кечтен берсинчи,
Бир күн үчүн миң күн тартчу капамды…

Бир күн болот үмүтүңө шам чырак,
Бир күн жомок ак боз атын камчылап.
Бир байрагын көтөрө албай сүйүүнүн,
Бир күн менен бүт сезимдер жанчылат.

Бир күн аалам кубанычка толтурган,
Бир күн жаман жакын бооруң жок турган.
Билиги өчүп калыш үчүн үмүттүн,
Бир күн арсыз шайтан менен дос кылган.

Бир күн кээде оору берсе жок чыдам,
Бир күн жолуң көрүнбөгөн боз туман.
Бүгүн дагы кагаз карап үңүлүп,
Бир күн менен ырымды окуп олтурам.

Бир күн акыр кыяматы келет дейт,
Бирок, ал күн коркунучтуу, мерез дейт.
Бар амалды өмүрүңдө кылынган,
Бир күн калбай периштелер эсептейт.

Бир күн турса жүрөгүңдү чокко ороп,
Бир күн күйүп, алоолонгон от болот.
Бүт адамдын ыйман гүлү соолуса,
Бир күн менен бул жер жүзү жок болот.

Бир күн келип, гүлдүү жерден чаң учат,
Бир күн келип, күткөн жандар табышат.
Биз алпарсак өткөндөрдү мүрзөгө,
Бир күн келсе, бизди алып барышат.

Бул ырымда адамдын өмүрү бир күнгө батат турбайбы, бир күн менен өмүрлөр өтөт турбайбы деген ойдо жазылган. Жашоодо жакындарыңды жоготосуң, ачуу, таттуу күндөр болот, жыргалы болот жалпысынан ушулардын негизинде жазылган ыр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан