Европадагы эң беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын эң ылдам оюнчусу болуп "ПСЖ" командасынын чабуулчусу Киллиан Мбаппе аныкталды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Киллиан Мбаппе "Бавария" клубуна каршы оюнда саатына 33,98 километр чуркаган. Тизменин экинчи сабына "Лейпциг" командасынын оюнчусу Лукас Клостерманн (33,82 км/саат) жайгашса, үчүнчү орунга "Аталанта" клубунун коргоочусу Ханс Хатебур (33,71 км/саат) жайгашкан.
Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонундагы эң ылдам 10 оюнчунун тизмеси:
1. Киллиан Мбаппе ("ПСЖ) - 33,98 км/саат;
2. Лукас Клостерманн ("Лейпциг") - 33,82 км/саат;
3. Ханс Хатебур ("Аталанта") - 33,71 км/саат;
4. Ашраф Хакими ("Боруссия Дортмунд") - 33,46 км/саат;
5. Альфонсо Дэвис ("Бавария") - 33,37 км/саат;
6. Кайл Уокер ("Манчестер Сити") - 33,35 км/ссат;
7. Ферланд Менди ("Реал Мадрид") - 33,32 км/саат;
8. Кингсли Коман ("Бавария") - 33,20 км/саат;
9. Эрлинг Холанд ("Боруссия Дортмунд") - 33,02 км/саат;
10. Луис Мюриэль ("Аталанта") - 33,01 км/саат.