Пакистанда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, 200дөй адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрь күнү чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Жер титирөө 24-сентябрь күнү болду. Эң көп жабыр тарткан аймак Араван шаарындагы Лабах кыштагы болгону айтылууда. Ал жердеги үйлөрдүн 30 пайыздайы кыйрап калды. Ошондой эле жер титирөө болгон аймакка жакын деңиздин ортосунда 30 метрдей кургактык пайда болгону кабарланууда.