Милициянын кайгуул кызматкерлери автоунааны уурдоого аракет кылган шектүү жаранды кармады

Бүгүн, 28-октябрда милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарында автоунааны уурдоого аракет кылганга шектүү адамды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"28-октябрда болжол менен саат 04:20 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинен автоунаамды уурдаганга аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда ошол даректин тургуну Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жаран ичин ачып, автоунаасын уурдоого аракет кылган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иштерин жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган М.В. аттуу жаранды кармап, Биринчи Май райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп жазылган билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жоруктар кодексинин 90-беренесинин (орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан