Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын белгилүү актёру Тилек Жумагазиев ден соолугуна байланыштуу кайрымдуу элдин колдоосуна муктаж. Бул тууралуу актёрдун кесиптештери видео кайрылуу жасашты.
Маалыматка ылайык, Тилек Жумагазиевдин боорун алмаштыруу үчүн операцияга каражат керек.
"Биздин сиздерге кайрылып жатканыбыздын себеби таланттуу актёр Тилек Жумагазиевдин ден соолугуна байланыштуу болуп жатат. Кагылайын калың журт, сиздерден жардам болот деген чоң үмүтүбүз бар. Талантты баалай билген элибиз жардам берет деп ишенебиз", - деп айтылат кайрылууда.
Тилек Жумагазиевге жардам колун сунууга даяр кайрымдуу жарандар видеодо көрсөтүлгөн реквизиттер аркылуу көмөк көрсөтсө болот.