2020-жылдын 9 ай аралыгында өлкөдө жалпы 4 миң 184 жол кырсыгы катталып, андан 496 адам каза болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жол коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жол кырсыктары кыскарды. Жалпысынан тогуз айда 4 миң 184 жол кырсыгы катталып, андан 496 адам каза болуп, 6 миң 271 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан. Отчёттук маалда балдардын катышуусу менен 915 жол-транспорттук кырсык катталып, 59 бала каза болсо, 1 миң 63 бала ар кандай жаракаттарды алышкан", - деп билдиришти министрликтен.
Өз кезегинде ички иштер министри Улан Ниязбеков жол кайгуул кызматынын жетекчилигине жол кырсыктарын азайтуу үчүн бардык аракеттерди көрүүнү тапшырган.