Бүгүн, 29-октябрда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Биринчи Май райондук соту 12-октябрда Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакка алган.
Жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык баш аламандыкты уюштуруу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында бир канча саясатчылар кармалган.