Бишкек ШИИББи шаардагы жарылуу боюнча кенен маалымат берди

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бишкектеги эмерек чыгарган цехтеги жарылуунун себептери тууралуу кенен маалымат берди. 25-сентябрда саат 10:00дө "102” кызматына чакыруу түшкөн. Анда Л.Толстой көчөсүндөгү эмерек чыгарган “Платонов” цехиндеги жардыруу жөнүндө айтылат. 

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлери цехтин 42 жаштагы эсепчиси Виктория Щ. аттуу айымдын иш бөлмөсүндө жардыргыч заттан 2 адам каза болгонун аныкташты. 

Алдын ала маалым болгондой, цехтин 42 жаштагы жумушчусу Виталий П. башкы эсепчинин иш бөлмөсүнө пакет көтөрүп кирип аны столдун үстүнө койгон. Көп өтпөй бөлмөдө жарылуу болот. 

Иликтөөнүн жүрүшүндө жумушчу Виталий П. эсепчи Виктория Щ. аттуу айымга 100 миң сом карызы болгону жана жардыруунун себеби ушул болушу ыктымал экени айтылды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AnarRazakovich
2013-09-26 09:45:14
Карыздан кутулуунун озгочо абалы экен
0
AnarRazakovich
2013-09-26 09:47:18
жолу экен дегеним
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан