"Генералдан колуңду тарт". Бишкек шаардык сотунун алдында Курсан Асановду колдогондор чогулду

Бишкек шаардык сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралууда. Соттук отурум жабык эшик артында өтүп жатат.

Соттун алдында "Эл Асанов менен", "Генерал Асановдон колуңду тарт", "Биз мыйзамсыздыкка каршыбыз", "Курсан Асанов улуттук лидер" деген транспаранттарды көтөргөн адамдар тобу турат. Чогулгандар генералды колдоо үчүн өлкөнүн алыскы аймактарынан келишкенин айтышты.

Буга чейин 12-октябрда Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган.

Эске салсак, Курсан Асанов 2020-жылдын 10-октябрында жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык баш аламандыкты уюштуруу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Soke-covid19
2020-10-29 16:59:22
Бул курсан куу тулку
+4
mirlan2084
2020-10-29 17:24:33
чыкбасын бул Асановуңар жеткен куу түлкү ушул адам өзүн кантип элдик генерал деп жүрөт калган генералдар элдик эмесби кичине ойлонуп колдосоңор
+3
Kuban-1207
2020-10-29 17:31:09
Курсан жеткен митаам адам чагымчыл
+2
nazira...
2020-10-29 17:37:55
Ким аны элдик генерал дептир, озбектердин генералы, ошолопдун эсебинен аты чыккан. Эл эч качан асанов менен болбойт. Органда иштеген укаларинин акчасы чачылып втыптыр да, канча сомдон берди экен тургандарга. Дагы турушсун арамдан тапкан акчалары тугонгончо.
+3
KaGaH
2020-10-29 17:57:09
Дежурный кошоматчылар, Асановдун башы иштесе Жапаровду колдомок,креслого жармашпай
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан