Оштун "Алай" футболдук клубунун капитаны Одилжон Абдурахманов клуб менен коштошту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Марат уулу Нуристан билдирди.
"Одилжон Абдурахманов менен түзүлгөн келишим 31-октябрда аягына чыгат. Биз аны менен келишимди узартуу тууралуу сүйлөштүк. Бирок ал өзүнүн карьерасын чет өлкөдө уланткысы келерин айтты. Азырынча кайсы клуб менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу маалыматыбыз жок. Абдурахмановдун алдыдагы карьерасына ийгиликтерди каалайбыз", - деди басма сөз кызматкери.
24 жаштагы Одилжон Абдурахманов "Алай" клубунун катарында 2015-жылдан бери ойноп келген. Бул жылдар аралыгында ал клуб менен чогуу 3 жолу өлкө чемпиондугун (2015, 2016, 2017-жылдары), 1 жолу өлкө кубогун (2020-жылы), жана 2 жолу супер кубокту (2017-2018-жылдары) жеңип алган.