Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаардык сотунда "массалык баш аламандыкты уюштуруу" беренеси алкагында кармалган Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Ага ылайык, Асановго карата биринчи инстанциядан чыгарылган чечим күчүндө калганын шаардык соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, 12-октябрда Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган.
Курсан Асанов 2020-жылдын 10-октябрында жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык баш аламандыкты уюштуруу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.