Куттубек Мияровго "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамы ыйгарылды

Таэквандо боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Куттубек Мияровго "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

"Дүйнө чемпиондуктарында ийгиликтүү көрсөткүчтөрү, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясынын талаптарына ылайык Куттубек Мияровго «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери» спорттук наамы ыйгарылды", - деп жазылган билдирүүдө.

23 жаштагы Куттубек Мияров таэквондо ITF боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону. 2019-жылдын дүйнө чемпиондугунда беш медаль жеңип алган (эки алтын, бир күмүш, эки коло медаль).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан