"Мыйзам баарыбызга бирдей, бирок элдин алдына чыгарып эмне таптыңар?". Гүлнур Сатылганованы интернетте эмне деп колдоп жатышат?

Бир күн мурда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганованын патрулдук милициянын кылтагына илинген видеосу интернетке жайылып, социалдык тармактын колдонуучулары эки жээкке бөлүндү. Талкууга аралашкандардын айрымдары "маданият өкүлү болгондон кийин өзүн ошого татыктуу алып жүрүшү керек болчу" деген пикирлерин айтышса, көпчүлүгү ырчыны каралап жатканын айтышып, аны колдоого алышты.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын пикирлеринен:

"Айып пулун төлөп, кайра күнүмдүк жашоого кайттыңыз. Ал эми коомчулукта өздөрү ичкендер деле талкуулап алганы ал сиздин кемчилик эмес, ал алардын минусу".
"Ансыз да жагымсыз жаңылыктар толуп жатканда, ушунуңар ашыкча да негизи!".
"Булардын бети жок экен. Мыйзам баарыбызга бирдей, бирок элдин алдына чыгарып эмне таптыңар? Эгерде Гүлнур айымдын ордунда милиция кызматкери болсо, мындай акмакчылыкка барбайт болчусуңар!".

Бул окуяга маданият өкүлдөрү дагы четте карап турбай, өздөрүнүн ойлорун билдиришет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева: "Бир элдин сыймыктанаар жүзүн кинодой жасап чыгарыпсыңар, алып салууңуздарды өтүнөм! "Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт". "Шайырдын шагын сындырганың, өзүңдүн багың сындырганың".

Акылман элибиз эч качан бир жактуу караган эмес. Кыз бала ар дайым үйдүн төрүндө, тамактын майлуусу, сөздүн жакшысына, сый-урматтын татыктуу ээси болгон".
Ырчы Жанета Бобкова: "Артист, ырчы, жылдыз - жөнөкөй эле адамдар. Бирок аларды каралоо бардык жерде ээрчип жүрөт. Бул бир окуя таланттуу, эмгекчил Гүлнур Сатылганованын ысымына так калтыра албайт. Жөн гана анын ырларын угуңуздар".
Ырчы Анжелика: "Биздин №1 примадонабыз - Гүлнур Сатылганова! Ар дайым жакшы сөзүн бизге арнап, батасын берип, шоу-бизнестин жаштарынын жакшылыктарында төрдүн көркүн ачып, барыбызга тегиз караган, элибиздин сүйүктүү Эл артистине сөз тийгизбейбиз. Барыбызга чоң сабак болду. Видеону кокустан көрүп калдым, көрсө, бир ай мурунку окуя экен. Кайгуул кызматынын мактанаарлык көрсөткүчү ушундай болдубу? Атайлап чыгаргандарын. Эх, жакшы нерсе эч айтылбай, бизде жаман нерсе эле бат жайылчу болду".
Шайырбек Арапов: "Сизди кандай кылып көрсөтпөсүн, эмне деп айтпасын, сиз баары бир Кыргыз өлкөсүндөгү №1 ырчысыз. Тиги жакта миллион угарман, күйөрмандарыңыз сизди жан дили менен сыйлап угат деп жаткан кез".

Мындан тышкары бир катар шоу бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн оң пикирин билдиришүүдө. Ошол эле учурда ким болбосун мыйзам бузса коомчулукка жарыялап, ал жоругун ашкере кылуу туура дегендер да четтен чыгууда.

Патрулдук милициядан окуя 26-сентябрда болгонун, анда айдоочу жол эрежелерин бузуп, айыптарды төлөнбөгөндүгү үчүн токтотулганын билдиришти. Мекемеден видеону эмне үчүн бир ай убакыт өткөндөн кийин коомчулукка чыгарганы түшүнүксүз болуп жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nina.alex
2020-10-30 12:06:58
Мен терс эле оюм болуп калды. Ушундай мас абалында айдап канча адам омуру кыйылып атат. Статистиканы каоасанар биринчи
+6
bond02
2020-10-30 13:24:19
Ушундай нерседен ДТП коп болуп жатат, закон баарына бирдей болушу керек. Уят эле чон эле аял тун бир убакта кайф жургону.
+6
Nurik_kyrgyz
2020-10-30 14:25:29
Ичкенден кийин рульга отурбай эле койгула да , эмне коп акча коп силерде такси чакырсанар арзан эле таштап коюшат. Кулак мээнер тынч уктайсынар уйдо. Анжелика 1ай мурунку экен дегенин менен видио жасалып анан чыгарылгыча откондур 1ай . Баарыле ыйык микрофон эмесда
+9
Baku88
2020-10-30 15:28:37
Аябай ылжып мас болуп ылдамдыгын жогорулатып жол коопсуздугунун кызматкерлерин укпай согунуп турса туура тушунот элек. Видеодо озун жакшынакай эле алып журот го
+5
Asel69
2020-10-30 20:06:41
Гульнур мыкты
-1
Baelim
2020-10-30 20:21:48
Биз Москвадабыз кечээ кордук видеону куйоом Гулнур эжени колдоп анча мынча эркектердин колунан келбейт,мужикский поступка деп колдоду.Кыргыз эли сиз менен,ырларынызды угуп чонойгонбуз.Сизге ден-соолук,чыгармачылык ийгилик каалайбыз...
+1
Kona8631
2020-10-30 20:23:43
Пьяный такси чакыруу керек...ДТП болсо эмне болот эле!
+2
Mira-toktosunova
2020-10-31 00:31:43
Гулнур эже сабыр кылын бул кундор дагы отуп кетет
+3
Asanali
2020-10-31 03:12:46
Не болуптур маданият кызматкери болсо алда каалагандай жашаганга укуктуу, кааласа ичсин. Баарибир талантына таазим этем, урматтайм, сыйлайм.
0
Zanzibara
2020-10-31 12:39:06
Бир ай кеч чыкканын бир гана себеби бар. ЭЛТРдин мурдакы жетекчиси Гулнур эжени сыйлап эфирге бердирбей койгон үчүн убагында чыкпай калган. Мурдакы жетекчисин иштен алган соң, кийинки жетекчи келээри менен дароо эфирге берип салган. Бул жерде атайын каралоо, элге шерменде кылуу үчүн атайын бирөөлөр иштеген. Себеби, видео чыкпай калды, давай чыгар деп жетекчи алмашканда жетип барып атайын чыгартканы көрүнүп турат. Аял киши аял кишини көрө албайт деген чын окшойт деп калдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан