Интернетте эмне кеп? Балбак Түлөбаев: "Митинг, вирус, Гуля", достук жиберип "коркуткан" Айсулуу Тыныбекова, Гүлнур Сатылганованын 1 ай мурунку видеосу

Өз оюн ачык-айрым билдирип көнүп калган интернет колдонуучулары тарабынан эмне жөнүндө гана сөз болбойт.

Саясаттан, кызматка дайындоодон башы чыкпай жаткан интернеттин кыргыз сегментинин көңүлүн бул ирет азыркынын Кыз Сайкалы болгон балбан Айсулуу Тыныбекованын Фейсбук тармагынан баракча ачып, көпчүлүккө достук жибергени бурду. Колдонуучулардын айрымдары аларга Тыныбекова өзү достук жиберет деп ойлобогонун бул алар үчүн чоң сыймык экенин жазып чыгышкан. Айтор, балбан кызды Фейсбукта жылуу тосуп алышты. Айсулуу дароо көйкөлгөн көйнөк кийип түшкөн сүрөттөрүн жүктөп, көпчүлүктүн суктануусуна арзыды.

Интернет колдонуучулар жазып жаткандай, мындай көрүнүш бир гана биздин коомчулукта болушу мүмкүн. Мурдагы министр Улукбек Кочкоров "креслосунан" ажыраганы тууралуу социалдык тармактардан билгенин айтып чыкты. Буга чейин расмий жактар ал кызматтан өз каалоосу менен кеткени тууралуу маалымат таратышкан. Ал эми бул кызматка талапкерлиги көрсөтүлгөн Аида Исмаилованы Жогорку Кеңеш жактырган эмес. Айта кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов да өзүнүн кызматтан кеткени тууралуу интернеттен укканын айткан.

Чубактын чуусундай созулган мэриянын ичиндеги кызмат талашуулар азыркыга чейин токтой элек. Азыркы тапта мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев мурдагы мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова менен иштеше албай тургандыгын билдирип, ал кызматтан кеткен. Бул тууралуу социалдык тармактарда көптөгөн билдирүүлөр жазылган. Ал эми кечээ борбор калаадагы абал боюнча суроо берилгенде, Түлөбаев абал анча жакшы эмес экендигин белгилеп, төмөндөгү сүрөттөгү билдирүүнү калтырган.

Алгачкы кар жаар замат Бишкек ЖЭБи бир нече саатка иштен чыкты. Адистер анын иштешин калыбына келтиргиче социалдык трамактын колдонуучулары ЖЭБде болгон мурунку көрүнүштү эстеп, ар кандай мемдерди жасап, суук күндөргө даярдана башташты эле жылуулук кайра берилип тынчый түшүштү.

Кызуу талкуулар калың элге аттын кашкасындай таанымал болгон Гүлнүр Сатылганованы да кыя өткөн жок. "ЭлТР" коомдук телеканалынын Youtube каналына мындан 1 ай мурун тартылган видео жарыяланган. Анда эстрада ырчысынын унаасын МАИ кызматкерлери токтотуп, ырчы алкоголдук ичимдик ичкенин аныкташкан. Бул ирет дагы колдонуучулар 2 жаат болуп бөлүнүп, бири ырчыны коргосо, дагы бири мыйзам баарына бирдей экенин айтып чыкты. Ал эми айрым колдонуучулар ырчыны айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып, соттоп ийген учурда да видеого тартып, аны коомчулукка жарыялоо туура эмес экендигин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nina.alex
2020-10-30 13:40:28
Гуля молодец
-7
Baatirbek81
2020-10-30 14:31:44
Сүрөтөгү коментарий туура айтылган!
Кыргыздар деле мындан өткөн иштерди кыргызчылык менен бүтүрүп келишкен эми эле мыйзам чегинде деп!жок дегенде эл ырчысын камерага тартпай туруп штрафтарын төлөтүп койюшса болмок деймда менин ойумча!
+12
gitaris93
2020-10-30 23:16:32
Мыйзам баарына бирдей болуш керек, туура эле кылышкан.
Гаи кызматкерлери өздөрүнүн жумушун аткарып жатышат.
+5
Aimani
2020-10-31 01:26:59
gitaris93,күнүгө толтура мас айдоочуларды кармап атабыз дешет, бирок баарын элге жарыялаган жок ла. Ошолордун бири катары штрафты салып, машинасын штрафстоянкага токтотуп коюп койсо жетиштүү болот эле.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан