"Баалар кымбаттаганбы?". Балбак Түлөбаев базарлардагы азык-түлүктүн баасын текшерүүгө алды (сүрөт)

Бишкек мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаев борбор калаадагы базарларга барып, азык-түлүктөрдүн баасын текшерүүгө алды. Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Балбак Түлөбаев бүгүн, 30-октябрда "Ош базары", "Орто-Сай" базарларындагы ундун, кумшекердин, өсүмдүк майынын, жумуртканын жана башка азыктардын баасына көзөмөл жасады.

"Текшерүү учурунда азык-түлүктөргө болгон баалар жогорулатылбаганы, баалар туруктуу кармалып турганы белгилүү болду. Сатуучулардын айтымында, азыктардын запасы жетиштүү көлөмдө. Балбак Түлөбаев базарлардын администрациясынан баалардын жогорулашына жол бербөөнү, ар бир дүкөндөргө санитайзерлер коюлуп, сатуучулардын бет кап тагынуусун көзөмөлгө алууну суранды", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zevs
2020-10-30 15:29:52
Jakwylap tekwersener baasyn korosunor
+2
Eden-Hazard
2020-10-30 17:00:07
Атаңдын башы туруктуубу, 1литр май 100сомго чыкты го
0
Akoga
2020-10-30 17:09:30
Мурун 1000сомго баары келчү эле,азыр 100$ долларга эчтеке келбей калды. Этердин сапаты абдан начар, сүттөрү да жакшы эмес. Жер жемиш кудайды карабай кымбатады.пейлиңерге наалаты.
+2
-FREEDOM-
2020-10-30 17:30:01
Каяка которулгон эмес. Асман чапчыйтко жон эле. Тамак кылчуу майдын 5л ги 670сом (доня)ун 1800 эт 380сом дагы эмне ?Уялбай туруктуу дейт.
+1
stal.ks
2020-10-30 18:15:57
озбекстанга мал ташылып эттин баасы которулуп кетти
+1
maks94.kb
2020-10-30 19:34:58
Каякта турукту баа асман чапчып жатат зарплата ошол бойдон
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан