Дээрлик 4 ай өттү. Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылгандан кийин биринчи жолу жүзүн көрсөттү (видео)

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылгандан бери дээрлик 4 ай өттү. Ырчы ден соолугу калыбына келгенден бери социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандары менен байланыш түзүп келет.

Бүгүн, 30-октябрда ырчы Инстаграмдагы баракчасына кыска видео жүктөдү. Анда ырчы жүзүн көрсөткөн.

Окуянын чоо-жайы:

26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.

Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
meku9205
2020-10-30 16:29:45
Мындан сонун болушун ду Кудайдан тилейм
+6
mira28
2020-10-30 16:35:54
Корсотпой эле тынч жашачы. Баскан турганын тогуп журуп коз тийип соз тийип ушу болдун. Тээги бир тообо кылып тынч жашабайт экенда. Оозун чорбойтуп качан караба озун пиарлап журот.
+16
Bakbai
2020-10-30 19:05:25
Тынч эле олтурчу айланайын Асел .ушинтип озунду корсото берип эмне болдун
+8
Belek1710
2020-10-30 21:09:58
Саламдашып деле койбойсуңбу окурмандарың менен, башыңы эле шылкылдатпай, жетишпеген адамга окшоп калыптыр, эртерек сакайып кетишиңи тилейбиз!
0
Sa89ai
2020-10-30 21:48:21
Belek1710,койчу берекем озу билсинчи.Тек кой
+3
nazira...
2020-10-30 22:00:42
Туалетте кантип отурганы эле калды ушунун тартпаган. Кичине тынчып калды эле кайра чыктыбы дагы. Чондордон сабак албайбы кичине, энеси деле кой дебейт экен да.
+1
Datka7777
2020-10-31 09:37:18
nazira...,ишин не сенин озун ичиндеги ооруну бироодон да корбо
-1
Shorobashat
2020-10-31 12:14:50
Кыскасы айыгып кетсин. Жакшы сөз айта берели да.
+3
Nur777
2020-10-31 13:31:01
Озунчо эле "мегазвезда" ушулар)))
Илгери "Майкл Джексон баласын корсотту!" деген жанылык болду эле,жуз миндеген кишилер уйунун балконун астына топтолушуп,балкондон баласын 15секунд коргозуп кирип кетсе оо вот это даа деп)))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан