Кечээ, 29-октябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев коом менен тыгыз байланышта болуу максатында Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармактарында түз эфирге чыкты. Анда көрөрмандар суроолорун узатышып, министрдин өзүнөн жооп алышты.
Суроо: "Пенсия курагындагы директорлорду алмаштырыш керекпи?"
"Мектептерде директорлорду дайындоо боюнча жаңы механизмдер иштелип чыгат. Бул боюнча жакында өкмөткө сунуш беребиз. Мектеп директорлорун дайындоо боюнча мыйзамга жаңы норма киргизели деп турабыз. Ага ылайык, мектеп директорлору 5 жылга дайындалат. Эгер жакшы иштебесе комиссиянын чегинде кароо менен кайра жумуштан четтетилет. Бирок жамаат 5 жылга чейин бир туруктуу жетекчи менен иштешсе жакшы болот", - деп жооп берди министр.
Ошондой эле Алмазбек Бейшеналиев билим берүү тармагынын бардык жагында реформалар жүргүзүлөрүн, ага коомдун колдоосу керек экенин баса белгиледи.