Милициянын кайгуул кызматы велосипед уурдаганга шектүү жаранды кармады

Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарынан 12 миң сомдук велосипедди уурдоого
шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 30-октябрда болжол менен саат 14:00 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан мечиттин короосунан велосипед уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1997-жылы туулган Д.Ж аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү белгисиз жаран мечиттин короосуна токтотуп койгон баасы 12 миң сомдук велосипедин уурдап кеткен. Ошол жаранды таап берүүнү өтүнгөн.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришти", - деп жазылган билдирүүдө.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 200-беренесинин (уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан