20 миң доллар. Чүйдө чабан болуп жүргөн жаран үй ээсинин акчасын урдоого шектелип кармалды

Чүйдө 20 миң доллар акча каражатын уурдоого шектелген жаран кармалды. Маалыматты Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Прогресс айылынын тургуну 20 миң доллар акчасын үйүнөн уурдап кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене ("уурулук") менен катталып, өндүрүшкө алынган.

ылмыштын бетин ачуу үчүн милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, алар жабырлануучунун акчасы бар экендиги жөнүндө маалыматка ээ болгон адамдардан сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, жабырлануучунун колунда чабан болуп иштеген жаран үй ээсинин акчасы жоголгондон кийин дайынсыз кеткен. Милиция кызматкерлери тарабынан чабан болуп жүргөн жаран аныкталып, ал мурда каракчылык сыяктуу кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган К.Э. экени маалым болду. Ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иштердин натыйжасында, шектүү делинген жаран Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен кармалып, Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки иштер улантылууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TIMON_BERKOWITZ
2020-10-31 14:29:00
Мен кеттим жайлоого чабан болуп иштегени))
+1
Baha.A
2020-10-31 15:27:20
TIMON_BERKOWITZ,Ак жол сага периште!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан