Боом капчыгайында жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсык катталган жана андан кийинки учур видеого тартылып, социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан интернетке жарыяланды. Видеодо көрүнүп тургандай, унаа катуу ылдамдыкта бара жатып, алдыдагы унааны сүзүп, кырсыкка кабылган.
Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан автокырсык катталганын, кошумча маалымат берилерин билдиришти.