Милициянын кайгуул кызматы тоноого шектелген 9 жаранды кармап, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү болжол менен саат 05:30 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматынан Орозбеков жанан Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жаранды тоноп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1989-жылы туулган Ф.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү көрсөтүлгөн даректе болжол менен саат 05:20 чамасында белгисиз жарандар арыз ээсинин REDMI NOTE 6 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун ачык түрдө коркутуп, тартып алышкан.
Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Э.Н., 2001-жылы туулган Э.Э., 2001-жылы туулган Б. Ж., 2001-жылы туулган А.А., 2002-жылы туулган С.А., 2002-жылы туулган Д.Б., 2002-жылы туулган Ж.У., 2002-жылы туулган К.Р. жана 2001-жылы туулган И.Б. аттуу жалпысынан 9 жаран кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилди.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.