Бүгүн Маданият кызматкерлеринин күнү

Бүгүн, 2-ноябрь Маданият кызматкерлеринин күнү.

2-ноябрь - Кыргыз маданиятынын түптөлүшүнө жол ачылган күн. 1926-жылы 2-ноябрда Кыргыз тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" аттуу драмасы коюлган.

Бийлик башчылары бул датаны эске алуу менен 1995-жылы 28-июлда Кыргыз өкмөтү маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318 токтомун чыгарган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 балдар музыкалык окуу жайы, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдаган эки жогорку окуу жайы, 8 толук эмес жогорку жана орто окуу жайлары бар.
Кыргыз ССРинин Маданият министрлиги алгач 1953-жылы 15-мартта негизделген. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1991-жылдын январь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги болуп өзгөргөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан