Мирбек Атабековдун Таиландда ырдаганы талкууда. Ырчы бул тууралуу эмне дейт?

Ырчы Мирбек Атабеков өзүнүн интернет баракчасына Таиландда ырдаган видеосун жарыялады. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына кыскача түшүндүрмө берди.
"Өткөн жылы Таиландга баргандагы видеолорумду күйөрмандарым менен бөлүшүп коёюн дедим. Ал жерде дүйнөгө белгилүү ырчылардын артында ойногон музыканттар келип бизге сабак берген. Мени сахнага чакырган ди-джей белгилүү MC Hammer деген репердин ди-джейи. Кудай буюрса, ушундай багытта жакшы максаттагы пландар бар", - деди Атабеков.

Мирбек Атабековдун күйөрмандары анын англис тилинде сүйлөгөнүнө түрдүү ой-пикирлерди жазышууда. Видеодо көрүнгөндөй, алгач ал англис тилинде сүйлөп, андан соң "Мурас" аттуу ырын жаңырткан. Залдагылар Атабековдун ыр аткаруусун жылуу кабыл алышкан.

Ырчы Мирбек Атабековдун Таиландда ырдаган видеосу интернетте талкууга алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Baatirbek81
2020-11-02 13:10:44
Ушинтип эле ырдап жүрчү!
Кагазды карап сүйлөсөңдагы,эл аралап.
Бирок саясатка аралашпай элегойчу күчүгүм!
+9
Asel69
2020-11-02 13:25:13
Мирбек сен мыктысын. Бар бол. Анча мынчалар суйлой беришет. Аларга конул болбо. Андан коро кыргыздар англисче уйронолу, орус тилин билелик. Бир эле кыргыз тили менен чолок сыяктуу жашап отобуз.
+1
Jaka78
2020-11-02 14:09:15
Азаматсың
+2
arimle00
2020-11-02 15:26:11
Сонун, сонун
+3
bekbol2006
2020-11-02 16:12:26
Экинчи саясатка аралашпа башын жетпегенден кийин.
+5
Aman_Mansurov
2020-11-02 17:01:38
bekbol2006,Башы жетпеген адам деле түшүнүп жатпайбы Жээнбеков шайлоону одоно бузуп өзүнүн партияларын алып келгенин.
+3
Nurbany
2020-11-02 23:30:07
Эх мактанаарлык козго басаар ырчыбыз Аман бол мыктысын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан