Баткенде МАИчилерден качкан шектүү жаран унаасын таштап, Тажикстандын аймагына кирип кетти

Баткен облусунун Лейлек районунда кылмышка шектүү жарандан 12 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Лейлек районундагы Максат айылында Жигули автоунаасы МАИчилердин токтотконуна карабай качып кетүүгө аракет жасаган. Артынан түшкөн милиция кызматкерлери эскертүү иретинде 2 ирет ок чыгарган. Айдоочу көп өтпөй автоунаасы менен жол жээгиндеги бетонду сүзүп, унаасын таштап Тажикстан аймагына кирип кетиптир. Унаа текшерилип, 12 даана шектүү баштыкча табылды. Баштыктын сыртында чымчыктын сүрөтү жана “777” деген жазуу болгон. Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, аталган белги баңгизат Ооганстандан чыгарылганын билдирет. Алынган баңгизатынын салмагы 12 килограмм 190 граммды түздү. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aybek777
2013-09-26 13:11:04
Атыш керек эледа
+1
Azamatnur
2013-09-26 21:37:02
Тажиктер эмне эле курттап Баткенге отyп келип жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан