Оштун "Алай" футболдук клубунун чабуулчусу, клубдагы эң мыкты бомбардирлердин бири 21 жаштагы Жоэль Кожо клуб менен коштошту. Бул тууралуу "Алай" клубунун социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
"Жоэль Кожо команда менен коштошту. Кожо азырынча белгилүү бир клуб менен келишим түзө элек. Кожого алдыдагы карьерасына ийгиликтерди каалап, андан кайсы командада болбосун мындан да мыкты оюндарды көрсөтө берүүсүнө тилектешпиз. Дагы бир жолу ийгилик легенда!", - деп жазылган клубдун расмий баракчасына.
Жоэль Кожо "Алай" клубунун катарында 2018-жылдан бери ойноп келген. Бул жылдар аралыгында ал 1 жолу өлкө супер кубогун (2018-жылы) жана 1 жолу өлкө кубогун (2020-жылы) жеңип алган.
Жоэль Кожо Кыргыз Премьер-Лигасынын 2018-жылдагы эң мыкты бомбардири аталган.