Ички иштер министри Улан Ниязбеков 5-6-октябрда жабыркаган кызматкерлерге жардам берүү маселеси каралып жатканын жергиликтүү басылмаларга берген маегинде билдирди.
"Сөзүмдүн башында эле баса белгилеп айта кетейин, 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган кызматкерлерге жардам көрсөтүү максатында баарынын тизмеси такталды. Аларга мыйзам чегинде жардам берүү максатында бул маселе өкмөттүн кароосуна жиберилди жана чечилет деген терең ишеничтебиз.
5-6-октябрь күндөрү болгон окуяда жарадар болгон милиция кызматкерлерине барып жолугуп, алардын ал-абалы менен таанышып келдим. Алардын ден соолугун чыңдоо үчүн бардык жардамдарды көрсөтүп жатабыз. Ички иштер министри катары кызматкерлердин толук сакайып кетишине болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшарымды айтып, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирдим. ИИМдин медициналык башкармалыгынын дарыгерлери милиция кызматкерлеринин ден соолугунун жакшырышына жана дарылануусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды түзүп, кызматкерлерге жакындан жардам берип жатышат", - деп билдирди Ниязбеков.