"Мен сурооңузга түз жана так жооп берейин. Алгач эле ишти ички иштер тармагын заман талабына шайкеш реформалоо, коомдук тартипти кынтыксыз камсыз кылуу жана кылмыштуулукту азайтуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү, ички тартипти чыңдоо, милиция кызматкерлерине социалдык жактан кам көрүү жана кесипкөй кадрларды даярдоо багыттарында баштоого кадам таштадым. Ошондой эле коомдук кеңеш жана жарандык коомчулук менен биргеликте реформалык аракеттерди ишке ашырууну да максат кылуудабыз.
Анда коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан кылмыштардын бетинин ачылышы, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кызматтык тартип боюнча көрүлүп жаткан чаралар, милиция тутумундагы коррупциянын алдын алуу жана милиция кызматкерлеринин ден соолугуна да өзгөчө көңүл буруу багыттары белгиленди.
Жогоруда мен айткан багыттарда ар кимисинин өз орду жана ролу жогору болуш керек. Бул жерде криминалдык милиция менен тергөө кызматынын иштөө принциптерин так аныктап, иштин сапатын жогорку деңгээлге көтөрүү керектигин белгилеп жатабыз. Милиция саясаттан тышкары турат. Тартип сакчыларынын жалпы жамааты ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюп, саясаттан алыс болуп, биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин акташыбыз керек. Экинчиден катталган ар кандай тартип бузуулардын, кылмыштардын, жоруктардын бетин ачуу, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштерди күчөтүү багыттарын да белгиледик", - деп билдирди министр жергиликтүү басылмаларга берген маегинде.